• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

АКШда трасплантациялана турган бөйрөк дрон аркылуу жеткирилди

4 Бугу 2019 12:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.05.2019.Govori.TV.

8 жылдан бери диализге кирип жүргөн оорулууга бөйрөктүн жеткирилиши 5 мүнөткө созулду. Бул маалыматты АКШнын ММКлары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, АКШынын дарылоо борборлорунун биринде бөйрөк оорусунан жапа чеккен 44 жаштагы бейтапка дрон аркылуу бөйрөк жеткирилип, трансплантацияланды.

Негизинен органдар ижарага алынган учактар менен ооруканаларга жеткирилет. Бирок кээде аба жолунун тыгыздыгы жана аба шарттары органдын учурунда жеткирилишине тоскоол болот. Ошондуктан, жөнөтүлгөн органдар тездик менен жеткирилсе, операция ошончолук ийгиликтүү болоору айтылат.

Количество просмотров: 4