Кошмо Штаттардын борбордук жана түштүк-чыгыш бөлүгүн торнадо коштогон катуу бороон каптады. CNN телеканалы кабарлагандай, бороон-чапкындан кеминде 33 адам каза болуп, бир нече адам дайынсыз болууда.
Жалпысынан 250 миңден ашык турак жай электр жарыгысыз калган.
Миссисипи, Миссури, Техас, Оклахома, Канзас жана Арканзас штаттары эң көп жабыркады. Арканзастын губернатору Сара Сандерс штатта өзгөчө кырдаал жарыялады.
Табият кырсыгы чаңдуу бороон менен коштолууда. Айрым адамдардын өлүмүнө жол жакшы көрүнбөгөндүктөн автоунаалардын кагышып кеткени себеп болгон.