Вашингтондогу массалык нааразычылык акциясына байланыштуу, Кыргызстандын элчилиги АКШда жашаган мекендештерге алдын-алуу чараларын көрүү жана эл көп чогулган жерлерден алыс болуу өтүнүчү менен кайрылды. Мындай билдирүү элчиликтин «Твиттердеги» баракчасында жарыяланды.
Кыргызстандын жаракат алган жарандары же кармалгандар жөнүндө маалымат келип түшкөн учурда дипломаттар элчиликке бул жөнүндө тез арада кабарлап коюуну өтүнүшөт.
Нааразылык акциялары АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарууга байланыштуу өтүп жатат. 6-январда Конгресс шайлоонун жыйынтыгын бекитиши керек болчу. Бирок Трамптын тарапташтары Капитолийдин имаратына кирип келишкен. Нааразычылык акциясына чыккан бир адамдын октон жаракат алгандыгы кабарланууда.
АКШнын баш кааласы Вашингтондо 7-январь таңкы саат 6.00гө чейин коменданттык саат жарыяланды.