• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

АКШдан Кыргызстанга 1 миллиондон ашуун китеп белекке келет

8 Бугу 201910:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.05.2019.Govori.TV.

КРнын Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, 2020-жылга чейин “Келгиле окуйбуз” долбоорунун негизинде АКШнын өкмөтү Кыргызстандагы мектептерге 1 миллиондон ашык китеп белекке берет. Долбоордун негизиги максаты –республика боюнча башталгыч класстагы окуучулардын окуу жөндөмүн илгерилетүү болуп саналат. Аталган долбоор төрт жылга созулуп, жалпы бюджети 9,9 миллион долларын түзмөкчү.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШ 900 мектепке балдар китебин тапшырып, китептердин арасында 32 түрдүү кыргыз жана орус тилиндеги: жомоктор, аңгемелер, ырлар жана математикалык ой жүгүртүүгө багытталган китептер болгон.

Количество просмотров: 14