АКШ бийлиги Ирандын мурдагы президент Дональд Трампка кол салууга катышканы тууралуу маалымат алды. Маалыматты атайын кызматтагы булак билдиргени айтылууда. Америкалык CNN телеканалынын маалыматына караганда, АКШнын жашыруун кызматы чалгындоо маалыматын алгандан кийин саясатчынын коопсуздук чараларын күчөттү. Пенсильваниядагы митинг учурунда Трампка кол салууга аракет кылган деп айыпталган Томас Мэттью Крукс менен Ирандын кутумунун ортосундагы байланыштар азырынча тастыктала элек.