Дүйнөдө коронавирустун тастыкталган учурларынын саны 80 миллиондон ашты.
Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери дүйнөдө коронавирустук инфекциянын 80 миллиондон ашык учурлары аныкталган. Бул илдетке чалдыккандардын ичинен 1,7 миллиондон ашыгы каза болсо, 45 миллиондон ашуун бейтап сакайган.
Инфекцияга эң көп АКШда кабылып, 18,7 миллиондон ашык адамдан аныкталган. Ошол эле учурда АКШда 330 миң адам каза болгон. Жугуштуу оорулардын саны боюнча экинчи орунда Индия турат. Анда коронавирустун 10,1 миллион учуру катталып, 147 миң адам көз жумган. Андан бейтап көз жумган.