• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Американын жашыруун кызматына сын күчөдү

17 Теке 20249:07 Бишкек Govori.TV

Дональд Трампка болгон кол салуудан кийин Америкалык саясатчылар да, коомчулук да Томас Крукс аттуу кол салууга шектелген адам чатырга чыгып, сахнада турган Дональд Трампка карай төрт жолу ок чыгаргыча коопсуздук кызматкерлери эмнени карап отурган деген сындарды айтып жатышат.

Төрт айдан кийин боло турган президенттик шайлоодогу негизги талапкерди коргоодо жашыруун кызмат олуттуу катага кантип жол берген деген маселе катуу талкууга алынууда.

Федералдык тергөө агенттиги (ФБР), Жашыруун кызмат жана Улуттук коопсуздук органы кол салууну жана кызматкерлердин аракетин тергемей болушту.

Жашыруун кызматтын башчысы Кимберли Шейтел 22-июлда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасында билдирүү жасоо үчүн чакыртылды. Жашыруун кызматтын мурдагы агенти Чарльз Марино кол салууга байланыштуу көптөгөн суроолорго жооп бериши керек дегендер четтен чыгууда. Жашыруун кызмат жыйын өткөн жерге жакын жердеги чатырларды карабаганын, чатырда бирөө жөргөлөп баратканын көргөндөр олгонун, Дональд Трамп отура калбаганда өлтүрө атмак деген пикирлерин айтышууда.

Теги:
Количество просмотров: 113