• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

The Daily Telegraph басылмасынын Кытай Тажикстанга аскердик база куруп жатат деген маалыматы негизсиз

16 Теке 202415:42 Бишкек Govori.TV

Кытай Тажикстандын аймагында аскердик база куруп жатканы тууралуу маалыматты четке какты. Тажикстандагы кытай элчилиги Кытай Тажикстанга аскердик база куруп жатат деген маалыматты «негизсиз» деп атады.

Бирок, The Daily Telegraph басылмасы жакында Ооганстан менен чек арага жакын жерден спутниктен тартылган имараттардын сүрөтүн жарыялап, сөз Тажикстандын Шаймак деп аталган аймагы жөнүндө болуп жатканын, ал жерде тик учактар үчүн өзүнчө орун да бар экенин жазган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги да бул макалага байланыштуу билдирүү жарыялап, Дүйшөмбү менен Бээжин “чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу маселелери боюнча жигердүү кызматташат” деп маалымдаган. Билдирүүдө эки өлкө чек арадагы уюшкан кылмыштуулукка, баңги аткезчилигине жана кибер кылмыштуулукка каршы күрөштө кызматташып жатканы айтылган, бирок база бар экени четке кагылган.

Теги:
Количество просмотров: 153