АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз өкмөтү жана жергиликтүү уюмдар менен кызматташып, каржылык колдоо көрсөтүп келе жатканына сыймыктанарын билдирди. Бул тууралуу элчиликтин фейсбуктагы баракчасына жарыяланган билдирүүдө айтылат.
Билдирүүдө: «Журналистика тармагында биздин жардам фактчекинг программаларын каржылоого, кыргыз тилдүү журналистиканы колдоого жана мыйзам бузууларды, анын ичинде коррупцияны ачкан иликтөөчү журналисттерге колдоого багытталган. Коомдун күзөтчүсү катары кызмат кылган көз карандысыз медиа каражаттары жарандардын көйгөйлөрүнө натыйжалуу жооп берүү жана коррупция менен күрөшүүдө ар бир өкмөт үчүн маанилүү. Биз адилеттүү, коопсуз жана гүлдөгөн Кыргызстан үчүн кыргыз өкмөтү менен кызматташып, бардык программаларыбызды бирге ишке ашырып келебиз», — деп жазылган.