• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

АКСтин башчысы Дүйшөнбек Чоткараев кызматтан кетти

19 Бирдин айы 2018 16:24 Бишкек Govori.TV
Улуттук Коопсуздук боюнча Мамлекеттик Комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын(АКС) башчысы Дүйшөнбек Чоткараев бүгүн кызматынан алынды. Бул тууралуу Govori.TVга 16-февралда  Акүйдөгү өздүк булактарыбыз билдирген. Бүгүн болсо мындай буйрукка Президент Сооронбай Жээнбековдун кол койгону анык болду.
Эске сала кетсек,  өткөн жумада Президент Сооронбай Жээнбеков алгачкы жолу Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрүп, анда АКСти өзүнүн функционалдык ишин түздөн-түз аткара албай жатканын, алар текшерүүлөрдү бизнеске айландырып алганын, чыныгы коррупционерлер  кармалбай жатканын катуу сынга алып, бул кызматтын ишмердигин кайрадан карап көрүүнү чечкенин айткан болчу.
Коомчулукта болсо АКСти башынан эле мыйзамсыз орган катары карап, Президет коррупцияга каршы бюрону дал ошол Коопсуздук Кеңешинин алдында көз УКМКга көз карандысыз шартта түзүү керектигин сунуш кылгандар арбын.
Количество просмотров: 17