• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Президент Транспорт жана жолдор министрин кызматтан четтетүүгө буйрук берди

14 Бештин айы 2018 11:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.12.2018. Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду кызматтан четтетүүгө буйрук берди. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин отурумунда айтты.

Мамлекет башчы Коопсуздук кеңешинин отурумунда министрдин катышып жатканына таң калды.

«Сиз бул жерде кантип отурасыз? Сиз эчак эле арыз жазышыңыз керек болчу. Орун басарыңыз 50 миң доллар пара алды деп күнөөлөнүп жатат! Сиз болсо Коопсуздук кеңешинин отурумуна келипсиз? Уят! Аны кызматтан четтеткиле!», -деди президент.

Мамлекет башчы билдиргендей, аталган министрлик инновациялык технологияларды киргизүү боюнча артта калган ведомстволордун бири.

Эске салсак, Унаа жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 5-декабрда пара алып жаткан жеринен кармалган.

Количество просмотров: 28