• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өлкө башчы делегация менен бирге Москвага Ч.Айтматовдун эстелигин ачуу аземине барат

6 Бештин айы 2018 8:51 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.11.2018. Govori.TV
Бүгүн, 6-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Санкт-Петербург шаарындагы отурумуна катышууга учуп кетти. Ошондой эле бул күнү КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын формалдуу эмес жолугушуусу болот. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
Мындан сырткары, эртең, 7-декабрда президент жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Москва шаарындагы эстелигинин ачылышына катышуусу күтүлүүдө.
Делегациянын курамы:
Жээнбеков Сооронбай Шарипович — президент;
Сыдыков Данияр Батырович — Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Разаков Жеңиш Парпиевич — вице-премьер-министр;
Кененбаев Алмаз Муканович – Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары;
Панкратов Олег Михайлович — экономика министри;
Мадмаров Азизбек Маматович — тышкы иштер министринин орун басары;
Отунбаев Болот Исакович — Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси;
Сазбаков Алмаз Замирбекович – өкмөттүн ЕАЭБдин иштери боюнча атайын өкүлү.
Количество просмотров: 32