• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президент С. Жээнбеков министрлерди аз уктап, көп иштөөгө үндөдү

14 Жетинин айы 2018 10:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.11.2018. Govori.TV
Бүгүн, 14-ноябрда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков  Жогорку Кеңеште министрлердин ант берүү аземине катышты.
«Жаңы министрлердин сындан өткөрүү али алдында. Аз уктап, көбүрөөк иштеш керек. Тынымсыз иштеп гана сыйга жетүүгө болот. Ал эми бүгүн берген антыңарды күнүгө, жумушка келип кеткен сайын эстеп тургула», — деди президент.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов ант беришти.
Количество просмотров: 23