• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

АКСтин башчысы Дүйшөнбек Чоткараев  кызматынан кол жууду

16 Бирдин айы 2018 16:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16. 02. 2018. Govori.TV
Улуттук Коопсуздук боюнча Мамлекеттик Комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын(АКС) башчысы Дүйшөнбек Чоткараев бүгүн кызматынан кете турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Акүйдөгү өздүк булактарыбыз билдирди.
Ал эми УКМКнын маалымат-кызматы муну тастыктаган жок, бирок, четке да какпады.
Эске сала кетсек,  өткөн жумада Президент Сооронбай Жээнбеков алгачкы жолу Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрүп, анда АКСти өзүнүн функционалдык ишин түздөн-түз аткара албай жатканын, алар текшерүүлөрдү бизнеске айландырып алганын, чыныгы коррупционерлер  кармалбай жатканын катуу сынга алып, бул кызматтын ишмердигин кайрадан карап көрүүнү чечкенин айткан болчу.
Коомчулукта болсо АКСти башынан эле мыйзамсыз орган катары карап, Президет коррупцияга каршы бюрону дал ошол Коопсуздук Кеңешинин алдында көз УКМКга көз карандысыз шартта түзүү керектигин сунуш кылгандар арбын.
Количество просмотров: 30