20-декабрда милиция кызматкерлерине Аксы районунун Кум айылындагы жубайлар кайрылып, алар базарга кеткен маалда үйүнө белгисиз адам кирип, 5 жаштагы кызын зордуктап кеткенин билдиришкен. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
«2019 жылдын 20-декабрь күнү Аксы РИИБге 1986-жылы туулган Э.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 19-декабрь күнү түштө жолдошу менен базарга кеткен учурда бейтааныш адам анын 5 жаштагы кызына сексуалдык мүнөздөгү ыпылас аракеттерди жасаганын билдирген. Бул факт Аксы РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Жазык кодексинин 165-беренеси («Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер») менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган», — деп айтылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, бул фактынын бетин ачуу максатында тиешелүү кызматкерлерге атайын тапшырмалар берилип, ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында Аксы районунун 1980-жылы туулган А.Ш. аттуу тургуну кармалып, 2 айга камакка алынды.
Өндүрүш иши боюнча соттук-биологиялык, соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.