• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Аксыда 2000-жылы туулган кызды ала качкан 4 бала кармалды

16 Жетинин айы 2021 17:25 Бишкек Govori.TV

Оштон Аксыга кыз ала качып бара жаткан 4 бала кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 11-ноябрь күнү саат 15:30дар чамасында Ош шаарында окуган 2000-жылы туулган кызды никеге туруу максатында ала качып кетишкен.

«Көп өтпөй кызматкерлер тарабынан жүргузүлгөн иштин натыйжасында кызды уурдоого шектүүлөр кол тушкөн. 175-беренесинин («никеге туруу максатында уурдоо») негизинде иш катталган. Кармалган жигиттер унаа менен кошо Ош ШИИБинин тергөө кызматына жеткирилген. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Милициянын маалыматында айтылгандай, жүргүзүлгөн териштирүү учурунда кыз менен жигит суралып, алар буга чейин сүйлөшүп жүрүшкөнү белгилүү болгон.

«Кыз кийинчерээк баш кошолу деген сунушуна карабастан жигит алып качып кеткен. Кармалган баладар баары бир айылдан болушкан. Алар кызды Ош шаарынан Жалал-Абад облусунун Аксы районуна ала качып бара жатышкан», — деп кошумчаланды.


Количество просмотров: 2120