• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аксыда 50 баш койду сел агызып кетти

21 Бугу 202318:26 Бишкек Govori.TV

Жалал — Абадда селден кийин калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-май күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Аксы районунун Авлетим, Кара-Суу, Кызыл-Туу айыл аймактарында сел жүрүп, 48 турак жай жана 2 социалдык обьектин короолорун каптаган. Мындан сырткары ички чарбалык жолдорго да сел суулар өтүп кеткен.

Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн маалыматына караганда, 50 баш койду жана 2 баш жылкыны сел агызып кеткен.

Жеринде Жарандык коргонуу кызматтары тартылып, калыбына келтирүү иштери жана келтирилген чыгмдарды аныктоо жумуштары жүрүүдө.

Количество просмотров: 256