• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

15 Чын куран 20269:02 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында 15-апрелдин экинчи жарымынан тарта 17-апрелге чейин аба ырайы туруксуз болуп, нөшөрлөгөн жаан жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, айрым аймактарда жаан-чачын катуу жаайт. Буга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу бар экени айтылды.

Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга жана арыктарды тазалап, алдын алуу чараларын көрүүгө чакырат.

Количество просмотров: 99