• Дүйшөмбү 27 Теке 2026
  • Понедельник 27 Июль 2026

Аксыда арактан ууланып үч адам каза болду

4 Жалган куран 202111:33 Бишкек Govori.TV

Аксы районунун Кара-Суу айылында уулануудан үч адам каза болду. Төртүнчүсү оор абалда райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Маалыматка караганда, жарандар 4-мартка караган түнү дарыгерлерге кайрылган. Үчөө Аксы райондук ооруканасына бара жаткан жолдо үзүлгөн.

Алардын эмнеден ууланганы такталууда. Болжолдуу маалыматтарда ууланууга спирт ичимдиги себеп болгон.

Количество просмотров: 119