• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Аксыда чек арадан мыйзамсыз мал айдап өтүүгө аракет кылгандар кармалды

16 Жетинин айы 2021 15:31 Бишкек Govori.TV

Чек арачылар мамлекеттик чек арадан 14 уйду Өзбекстанга, 8 уйду Казакстанга айдап өтүүгө аракет кылган эки жаранды кармады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Таза-Суу жергесинде кыргыз-өзбек чек ара тилкесинен Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары Кыргызстандын жараны 1986-жылы туулган А.К.ны кармашкан, ал 14 баш уйду Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган.

Алдын ала маалымат боюнча, мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган малдын баасы 600 миң сомду түзөт.

«Малдын ээлерин аныктоо максатында чек ара заставасына айдалып келген. Чек арачыларга 1982-жылы туулган КР жараны Т.Р. кайрылып, мал ага таандык экенин айткан, бирок мал аныкы экенин далилдөөчү документтери болгон эмес. Муну менен катар аталган жаранда тиешелүү документтери жок 12 мм калибрдүү аңчылык куралы болгон»,-деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана мал андан ары иликтөө максатында компоненттүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 107