• Шейшемби 21 Аяк оона 2021

Аксыда күйдүргү жуктургандардын абалы айтылды

14 сентября 2021 в 15:23 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда күйдүргү жуктуруп алган эки адамдын бүгүнкү күндо абалы канаттандырарлык. Бул тууралуу Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун бөлүм башчысы Кубанычбек Бектурдиев бүгүн, 14-сентябрда Govori.TVга билдирди.

Анын айтымында, аилган илдетти жуктуруп алган жарандар ооруканада бир айдан ашык убакыт дарыланышы мүмкүн.

“Калган бешөөнүкү терс чыкты, бирок колдорундагы жара оорунун белгисин көрсөтүүдө. Баарынын абалы жакшы. Ал эми булар менен 41 адам байланышта болгону аныкталды, анын ичинен ону 14 жашка чыга элек балдар. Алар үйүндө медиктердин көзөмөлүндө болуп, антибиотик алып жатышат. Жаңы учурлар чыккан жок”, — деди Бектурдиев.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жүзүмжан айылынын тургундары өлүп калган уйду союп, этин 13 үй-бүлөгө тараткан. Андан соң кээ бирлеринин колунда ыйлаакчалар пайда болуп, жети адам күйдүргүнүн белгилери менен Аксы райондук оорукана жаткырылган.

Количество просмотров: 108