Ош облусундагы Папан айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак айылынын алты тургуну күйдүргүгө (Сибирь жарасы) кабылган деген шек менен ооруканага түштү.
Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Курбанбек Мияшев «Азаттыкка» билдиргендей, учурда айыл карантинге алынып, мал алып кирип-чыгуу токтотулган.
«Оорукана түшкөн алты киши — элге таратылган малды союуга катышкандар. Ал эми союлган уйдун этин 288 киши жеген. Ош облустук ветеринардык инспекциясынын маалыматына караганда текшерүүнүн жыйынтыгы чыга элек»,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, күйдүргү — кишиге малдан жугуучу жугуштуу оору. Көбүнчө терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Бул оору менен ылаңдаган малдын сөөгү өрттөлөт.