• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Нарында күйдүргү илдети тарап жатабы? Расмий жооп

11 Бирдин айы 2022 16:40 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунда күйдүргү илдети тарап жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

«Азыркы учурда облус аймагында эч кандай мал оорусу боюнча факт катталган жок жана бул оору боюнча эч кандай билдирүү келип түшкөн эмес. Аталган маалымат чындыкка дал келбейт. Жарандарды бул билдирүүгө ишенбөөгө чакырабыз»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда белгисиз жаран Нарында «Сибирь жарасы» малдагы оору чыгып жаткандыгы тууралуу билдирүү жасаган. Бул боюнча аудио WhatsApp мессенджериндеги тайпаларга тараган болчу.

Количество просмотров: 261