• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Аксыда сел агызып кеткен беш жашар баланын сөөгү табылды

18 Теке 202112:09 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сел агызып кеткен беш жашар баланын сөөгү табылды.

Куткаруучулар бүгүн, 17-июлда саат 15:30дар чамасында Кара-Суу дарыясы менен Нарын дарыясынын кесилишинде жаш баланын сөөгүн табышкан.

Аксыда 12-июлда кечинде нөшөрдөн улам кокту-колоттон сел түшүп, сегиз кишини агызып кеткен. Алты адамдын сөөгү ошол эле күнү табылган. Эки жарым жаштагы кыздын сөөгү 14-июлда табылган. Селден каза болгон сегиз кишинин алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.

Количество просмотров: 488