Бишкек.10.07.2019.Govori.TV.
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Мундуз айылында кечээ, 9-июлда катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, «ГАЗ-53» менен «Хонда Одиссей» унаасын агызып кетти.
ӨКМдин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы Эрмек Тойчубеков 2 унааны сел агызып кеткендигин ырастады.
«Кечээ, 9-июлда кечки саат 16:30 чамасында катуу сел жүрүп, 2 автоунааны агызган. Ошондой эле селдин кесепетинен 4 үйдүн жер төлөсүнө ылай аралашкан суу кирген», — деди Тойчубеков.