12-июлда саат 20:00 чамасында Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу жайлоолордун биринде катуу жааган жамгырдан сел жүрүп, бир нече кишини агызып айылга чейин алып келген. Бул тууралуу «Азаттык» Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөгөн Султанмуратовго таянып жазды.
Султанмуратов: «Саат 22:00дө беш жарандын сөөгү табылды, экөө изделип жатат», — деп билдирген.
Ал кошумчалагандай, издөө иштерин куткаруучулары жана жергиликтүү эл жүргүзүүдө.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызмат маалыматты тактап, андан соң тарата тургандыктарын билдиришти.
Кошумча маалымат берилет….