• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аксыда селдин кесепетинен 6 адам көз жумду

13 Теке 20218:48 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында кыска мезгилде жаап өткөн жамгырдан улам, кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылынан тургуну 2016 –ж.т. жана 7 жаранды сел агызып, ӨКМ тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринен 6 адамдын (2 эркек, 4 аял киши) жансыз денелери табылып, сел калдыктарынан алынып чыгарылды, аты жөндөрү такталууда.

Калган 2 адамды издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжа болгон жок. Ички чарбалык унаа жолдорду тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Кеч киргендигине байланыштуу саат 01:25те издөө иштери убактылуу токтотулду, издөө иштери жана тазалоо иш-чаралары убактылуу токтотулду. 13-июль күнү эрте менен улантылат.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 245