• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Аксыда жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалды

5 Чын куран 202117:20 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлайт.

“5-апрелде Аксы районунун 17 жаштагы А.К. аттуу тургуну шектүү катары кармалып, Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген”, — деп айтылат маалыматта.

Аксыда өткөн аптада райондук оорукананын төрөт бөлүмүн дарыгери 2007-жылы туулган кыз көз жарганы тууралуу жергиликтүү милицияга кабар берген. Бул окуядан улам Жазык кодексинин 161-беренесинин («Зордуктоо») 4-бөлүмүнө ылайык сотко чейинки өндүрүштүк ишти тергөө башталды.

Количество просмотров: 533