• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Аксыдагы селде көз жумгандардын алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон

13 Теке 2021 16:44 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 12-июлда кечинде кыска мөөнөттүү жаандан улам кокту-колоттон сел түшүп, сегиз кишини агызып кеткен. Арасында эки бала да бар. Түндө эки эркектин жана төрт аялдын сөөгү табылган. Алардын тек-жайы такталып жатат. Маалыматка караганда, көз жумгандардын алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон.

Бул тилсиз жоодо бир учурда апасы, 2 кызы, карындашы жана 2 жээнинен айрылган Нурлан Шайымбетов маркумдарды акыркы сапарга узатты. Анын айтымында кичүү кызы дагы да табыла элек. «Алар жайлоого ошол эле күнү чыгып кетишкен, кечке маал келип калышчы. Бат эле жаан жаап ийди да. Мындай болгон эмес, 4 метр бийик суу келди да, үйдүн чатырын алып кетиптир, барып эле таппай калдым», — дейт ал.

Видео: АКИ пресс.
Количество просмотров: 712