• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Аксыга өзгөчө кырдаал режими киргизилди

23 Бугу 2022 10:41 Бишкек Govori.TV

Нөшөрлөп жааган жаандан улам Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-22-май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Райондун Кашка-Суу, Кара-Суу, Авлетим, Ак-Суу, Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүндөгү 4370 метр ички жолду, 6 ички чарбалык көпүрөнү сел алган. Андан сырткары 29 турак үйдүн там аркаларын суу каптап, 1 социалдык объект менен 6 турак үйдүн ичине суу кирген.

Жеринде жарандык коргонуу кызматтары жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы иш алып барышууда.

Количество просмотров: 467