• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көл районунда өзгөчө кырдаал режими кирди

19 Баш оона 202410:42 Бишкек Govori.TV

Нөшөрлөп жааган жаандан улам Ысык-Көл районунун аймагына «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 18-август күнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун аймагында катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында, Ысык-Көл районунун башчысынын 18-августундагы №195 тескемесинин негизинде Ысык-Көл районунун аймагына «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилген.

Белгилей кетсек буга чейин Ысык-Көл облусунда нөшөрлөгөн жаандан улам Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Ал эми Тоң жана Ысык-Көл райондорунда селден улам бир катар унаа жолдор, ошондой эле Григорьевка капчыгайы аркылуу Кырчын жайлоосуна барчу жол жабылган.

Количество просмотров: 116