• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Актау шаарындагы кафеде жарылуу болду. Кырсыктын үрөй учурган видеосу

8 Жетинин айы 2021 9:30 Бишкек Govori.TV

Казакстандагы Актау шаарындагы эки кабаттуу кафеде катуу жарылуу болуп, имарат толугу менен талкаланды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Кырсыктын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды. Анда автоунаалар кетип бара жатканда жолдун сол тарабынан үрөй учурган жарылуу болгонун көрүүгө болот.

Маалыматка ылайык, кырсык жөнүндө маалымат «101» кызматына 7-ноябрь күнү саат 22.25те келип түшкөн.Имараттын жанындагы 11 унаа талкаланган.

Ал жерге өрт өчүрүүчүлөрдүн 17 бригадасы, куткаруучулар жана кырсык боюнча борбордун бир автоунаасы чыгып кеткен.

«Жабыркагандар жок. Жарылуу болгон учурда кафеде кызматкерлер жана коноктор болгон эмес. Жарылуу газ баллондон улам келип чыкканы айтылууда», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 616