Интернетте Актау шаарында кулаган учактын куйругунда тешиктер көрүнгөн кадрлар таралууда. Бул тууралуу “Медуза” басылмасы билдирет.
Видеолорду Telegram-каналдар “112” жана Baza жарыялашкан. Алар бул тешиктер ок аткандан же жарылуучу заттын таасиринен калган болсо керек деп айтышууда.
Расмий түрдө Azerbaljan Airlines (AZAL) учагынын кулашына себеп болгон жагдайлар азырынча айтылган жок. Росавиация учак канаттуулар менен кагылышуудан кийин кулаганын билдирген. Orda басылмасынын маалыматына караганда, учактын ичинде “баллон жарылган”.