• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жандандырууда жаткан Марат Казакпаевге коркутуу болуп, Акыйкатчы Камчыбек Ташиевге кайрылды

10 Кулжа 2022 10:51 Бишкек Govori.TV

Саясат таануучу Марат Казакпаевге убактылуу кармоочу жайда коркутуулар болгондугу айтылды. Акыйкатчы бул маселе боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылдыгын, Акыйкатчынын институтунан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, Акыйкатчы институту Марат Казакпаевдин жубайынын 2022-жылдын 6-июнда түшкөн арызынын негизинде медициналык жардам учурунда канчалык жеткиликтүү болгондугун, бөгөт чарасы өз маалында кайсы себептерден өзгөртүлбөгөнүн териштирүүдө.


Эске салсак, УКМКнын тергөө абагында камакта жаткан саясий серепчи Марат Казакпаев оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Govori.TVга Казакпаевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирген.


Маалыматка ылайык, Марат Казакпаев бүгүн, 9-июнда эртең менен ооруканага түштү.
«Марат Казакпаев «Тез жардам» кызматы менен №1 шаардык клиникалык ооруканага жеткирилди. Учурда инсульт алып комада жатат», — деп билдирди Айткулов.


Казакпаев өткөн жылдын апрель айында кармалган. Ага карата КР Жазык кодексинин 307-беренеси («Мамлекеттик чыккынчылык кылуу») боюнча кылмыш иши козголгон.
Марат Казакпаев 55 жашта. Ал көбүнесе геосаясат жана жергиликтүү маселелер боюнча ЖМКларга пикирин айтып келет.

Количество просмотров: 1574