Тилек Жээнбеков ындыкара Тамбени эки жолу эс мас кылды (видео)
Тилек Жээнбеков ындыкара Тамбени эки жолу эс мас кылды (видео)
15 мая 2018 в 9:15 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.05.2018. Govori.TV
Кечээ, Бишкектеги Каба уулу Кожомкул спорт сарайында WEF Global спорттук турнири өтүп, ага Өзбекстан, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Европа өлкөлөрүнүн мушкерлери катышты.
Мелдештин бүйүр кызыткан кармашы катары мекендешибиз Тилек Жээнбеков менен Швециядан келген оор салмактагы чемпион Малик Тамбенин кармашы болду десек болот.
Алты бурчтуктагы кармаш анча көпкө созулган жок. А дегенде Тилек ындыкара мушкерди отургуза койгон. Бирок, ал буга ыраазы болбой, мелдешти улантууну чечти эле кыргыз мушкеринин нылдай оор муштумдары кайрадан Малик Тамбенин ээк-жаактарына орноп, ал жеңилүүгө аргасыз болду…