• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Активист Адилет Али Мыктыбек камакта калды

22 Баш оона 2022 16:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22- августта Бишкек шаардык сотунда активист Адилет Али Мыктыбектин баш коргоо чарасын кароо боюнча соттук отурум өттү.

Шаардык сот Биринчи май райондук сотунун активистти 29-августка чейин камакка алуу чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Эске салсак, Адилет Али Мыктыбек 30-июнда милицияга суракка чакырылып, эртеси күнү Биринчи Май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынган. Райондук милиция ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Жапырт башаламандык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

Количество просмотров: 203