• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Активист Адилет Али Мыктыбекти кармап кетишти

30 Бугу 202211:36 Бишкек Govori.TV

Активист Адилет Али Мыктыбек өкмөт үйүнүн алдында өтүп жаткан митинг учурунда кармалды. Бул тууралуу ал өзү фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал өкмөт үйүндө кассалык аппараттарга каршы акцияны тартып жатканын билдирген. Активистке жарандык кийимчен эки адам келип, алардын бири өзүн Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкеримин деп тааныштырган. Бирок Адилет Али Мыктыбекти кармаган адамдар аты-жөнүн айтышкан эмес.

Количество просмотров: 607