• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Чындыкты айтуумду кылмыш деп табышты». Камактагы активист кат жолдоду

1 Теке 2022 19:53 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ысым менен белгилүү блогер, Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы Адилет Али Мыктыбек камактан кат жолдоду. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырып, каттын сүрөтүн жарыялады.

«Ооба, мен бийликти курч мүнөздө сындадым. Бирок, сынга сынган бийлик элден колдоо тапмак беле? Соцтармактагы билдирүү үчүн «дежур» эксперттердин, күч органдарынын колу менен чындыкты айтуумду кылмыш деп табышты. А мен буга макул эмесмин!»,-деп жазган Адилет Али Мыктыбек.

Эске салсак, Адилет Али Мыктыбек Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды.

Учурда Адилет Али Мыктыбек убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 2688