Жарандык активист Айбек Теңизбай башка жакка кетпөө боюнча тилкаттын негизинде абактан чыкты. Бул тууралуу укук коргоочу Гулшайыр Абдирасулова фейсбук баракчасына жазды.
Анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча отурум 31-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда болгон.
УКМК Айбек Теңизбайды 11-декабрда кармап, 12-декабрда Биринчи май райондук соту аны 2 айга камаган. Атайын кызмат ал социалдык тармактарда белгилүү бир улутка каршы жеке кастыгын билдирген провокациялык билдирүүлөрдү системалуу түрдө жарыялап келгенин кабарлаган.