«Мадина» базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимов УКМКнын абагынан бошотулду.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун тергөө судьясынын 22-мартындагы чечими менен Салимовдун бөгөт чарасы эч жакка кетпөө тууралуу тил катка өзгөртүлгөн. Өтүнүчтү УКМКнын тергөөчүсү келтирилген.
Айрым маалыматтар боюнча, Салимов мамлекетке 15 миллион доллар өлчөмүндөгү каражат төккөн.
Белгилей кетсек, Салимов УКМКнын кызматкерлери тарабынан уюшкан топ түзгөн же ага катышкан деген шек менен кармалган.