• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Назарбаевдин кудасы абактан чыкты

6 Жетинин айы 2023 16:42 Бишкек Govori.TV

Казакстанда быйыл алты жылга соттолгон ишкер Кайрат Боранбаев эркиндикке чыкты. Маалыматты «Азаттыктын» казак кызматына Жаза аткаруу комитетинин басма сөз кызматы ырастады.

Мекеме Боранбаев 6-ноябрда түрмөдөн чыкканын, жазасынын калган бөлүгү эркиндигин чектөө жазасына алмаштырылганын билдирди. Эми ал пробациялык көзөмөлдө болот.

2023-жылы сентябрда Астананын апелляциялык соту ишкерди мүлкүн конфискациялоо менен жалпы режимдеги абакка алты жылга кескен. Биринчи инстанциядагы сот аны сегиз жылга эркинен ажыраткан болчу. Кайрат Боранбаев ири өлчөмдөгү мүлктү менчиктөөгө, кылмыштуу жол менен алынган акчаны адалдоого айыпталган.

Акыркы айларда Боранбаев мамлекетке ири өлчөмдөгү активдерин өткөрүп бергени кабарланган. Алардын ичинде Астанадагы мейманкана комплекси, фитнес борборлор, мунай өндүрүүчү ишкана, Казакстандын батышындагы мунай кени бар. Ошондой эле ишкер «өлкөнүн билим берүү инфратүзүмүн колдоо үчүн мамлекеттик фондго 30 миллиард теңге өткөрүп бергени» маалымдалды.

Казакстандык бизнесмен Кайрат Боранбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаеванын кудасы. Боранбаевдин кызы Алима 2013-жылы мурдагы президенттин небереси Айсултан Назарбаевге турмушка чыккан. Айсултан 2020-жылы Лондондо каза болгон. Британ басылмалары ал кокаинге ууланганын кабарлашкан.

Количество просмотров: 103