Жарандык активист Али Шабдан 20-декабрга чейин камалды.
Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 24-октябрда кабыл алды.
Белгилей кетсек, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда саясатчы Равшан Жээнбеков, Асия Сасыкбаева, Азимбек Бекназаров, саясат талдоочу Айданбек Акматов жана жарандык активисттер Рита Карасартова, Али Шабдандын баш коргоо чарасы кечке маал каралып баштаган.
Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.
24-октябрда Бишкекте бир катар саясатчылардын жана жарандык активисттердин камалышына каршы болгондор жөө жүрүшкө чыгышты.