• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Активист Эрлан Бекчоро уулу камакта калтырылды

10 Жалган куран 2023 11:18 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган жарандык активист Эрлан Бекчоро уулунун бөгөт чарасын бүгүн, 10-мартта Бишкек шаардык соту карап, 20-апрелге чейин камакта калтырды.

Иш жашыруун деген макам алдында каралып жаткандыктан соттук процессге ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок.

Жактоочу Кантемир Турдалиев төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Беш айдан бери дээрлик тергөө иштери деле жүргөн жок. Эрлан Бекчоро уулунун өздүгү такталган, башка өлкөгө качып кетпейт, тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук жаратпайт, жашы жете элек эки баласы бар. Соттун чыгарган чечими туура эмес»,-деди Турдалиев.

Өткөн жылдын 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан жыйырмадан ашуун адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

Количество просмотров: 99