«Массалык башаламандык уюштурууну даярдоого» айыпталып кармалган активист Чыңгыз Капаров 20-декабрга чейин камакта калтырылды.
Мындай чечимди бүгүн 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.
Сот залына алынып келинген Капаров 22-октябрда Кемпир-Абад маселеси талкуу болгон жыйынга маалымат угуу үчүн гана барганын айтып, төмөндөгүлөрдү билдирди.
«Соттун чечими менен макул эмесмин. Мен бул жолугушууга сырттан угуучу катары гана келгем. Биз сынбайбыз», — деди ал.
Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.
Ал эми бүгүн, 24-октябрда Биринчи май райондук соту кармалган айрым саясатчылардын жана активисттердин баш коргоо чарасын карап жатат.