• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

КСДПчы Ренат Самудинов эмне үчүн Кыргызстандан чыгып кеткенин айткан видео жайгаштырды (видео)

30 Кулжа 2018 9:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.06.2018.Govori.TV.
Учурда келинчегим экөөбүз Американын Чикаго шаарындабыз. Коомчулукта бизди эмне үчүн шашылыш түдө Кыргызстандан чыгып кетти деген суроолор жаралгандыктан кыскача жооп катары ушул видеону тарталы деп чечтик деп активист Ренат Самудинов интернетке видео кайрылуусун жайгаштырды.
Видеодо  «13 жылдан бери саясий майданда Кыргызстанда демократиялык процессттерди өнүтүрүү максатында, өлкөнүн өнүгүү бир жолуна түшсүн деген максатта  ар дайым өз салымымды кошуп чындык, калыстык үчүн күрөш жүргүзүп келем. Ошондой эле келинчегим ар кандай коррупциялык схемалардын жүзүн ачып коомчулукта чуулган жараткан репортаж жасап өз салымын кошуп келет.» -деп баштаган.
Соңку күндөрү үй-бүлөмө ар кандай кысым көрсөтүүлөр болду. Эң негизги кысым көрсөтүү мурдагы президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовдун телефон чалуусунан кийин күчөдү. Акыркы учурда менин келинчегиме пресингттин негизинде кол салуу аракети болду. 2010-жылы мага кол салуу болгондо мен жеңил кабыл алгам. Бул жолу үй-бүлөмө кал салуу болгондуктан шашылыш түрдө чыгып кеткенге аргасыз болдук. Эч качан Кыргызстандан чыгып кетем деген ой болгон эмес. Биз Мексика аркылуу Америкага келип чек арадан жардам сурап, миграция лагеринде сегиз ай болдук. Ал учурда сот процесстери менен күрөштүп жыйынтыгынду сотту утуп  асагум статусуна ээ болдук.
Бизге жардам берип  кабатырланган адамдардын баарына ырахмат айтам. Келечекте мамлекеттин өнүгүүсүнө салымыбызды кошобуз деп ишенем деп жыйынтыктаган.

https://www.youtube.com/watch?v=WVmbRvTXbIA&feature=share

Эске салсак, активист Ренат Самудинов менен жубайы Элнура Молдокадырова мындан бир нече ай мурун АКШдан башпаанек сурап кетккени  коомчулукта талкуу жаратып, эмне үчүн өлкөдөн чыгып кетишкени туурасында эч кимден кабар жок болчу. Акыркы жаңылыктарда алар АКШнын чек арасында камалып жатканы туурасында маалымат тараган.
Количество просмотров: 11