• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Активист Санавар Закирова 15 суткага камалды

9 Жетинин айы 20239:15 Бишкек Govori.TV

8-ноябрда Астананын административдик соту активист Санавар Закированы 15 суткага камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматына активист өзү билдирди.

Анын айтымында, ал 25-октябрда өтөрү айтылган «мыйзамсыз митингге чакырык жасаган» деп айыпталууда.

«17-октябрда Астананын тургуну Facebook баракчасына элди митингге чакырган пост жазып, ага мени жана башка дагы 92 кишини белгилеген экен. Ошого байланыштуу эми мени соттоп жатышат. Ал постту мен эмес, башка адам жазганын айтсам, сот ал менин баракчамда турганын билдирүүдө. Мен бул чечим боюнча даттанам», – деди соттолуучу.

Закирова сотто посттун автору Махаббат Кусаинова сүйлөөгө аракет кылганын, бирок сот ага сөз бербей койгонун билдирди.

Анын айтымында, 8-ноябрда Башкы прокуратурада президенттик администрациянын жана Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү катышкан жыйын өтмөк. Ал жолугушууда активисттер өлкөнүн укук коргоо жана сот системаларын реформалоо боюнча өз сунуштарын беришмек. Бирок Закированы бул күнү эртең менен үйүнөн чыкканда кармап кетишкен.

Апта башында Санавар Закирова баштаган активисттер тобу президенттик администрацияга кайрылуу жолдоп, бийликтен Казакстанда атомдук электр станциясын (АЭС) куруу идеясынан баш тартууну, Караганды облусундагы шахтада болгон кырсыкта өлгөндөрдүн үй-бүлөсүнө жетишерлик өлчөмдө кенемте төлөп берүүнү, аталган шахтаны иштеткен «АрселорМиттал Темиртау» ишканасынын контролдук пакетин мамлекетке алууну жана Батыш Казакстан облусунда бөкөндөрдү атууну токтотууну талап кылышкан.

55 жаштагы Санавар Закирова буга чейин тынч митингдерге катышканы үчүн бир нече жолу камакка алынган. Ал Казакстанда «адилетсиз сот чечимдерин» жокко чыгарууга аракет кылган жарандар тобунун лидери катары белгилүү.

Количество просмотров: 93