• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Активист Шаменов БШКга арыз берди

27 Чын куран 2023 9:50 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активист Илгиз Шаменов шайлоодо талапкер болуу тууралуу арызын БШКга берди.

25-апрелде жактоочу Бакыт Автандил кайрылуу кылып, Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчы Равшан Жеенбеков менен жарандык активист Илгиз Шаменовдун Ленин бир мандаттуу округу боюнча депутаттыкка талапкер болууда конституциялык укуктары бузулуп жатканын айткан.

Ал эми кечээ, 26-апрелде абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков да талапкер болуу ниетин билдирген арызы менен БШКга алынып келинген.

БШКнын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата 39 адамдан талапкер болуу ниетин билдирген арыз түшкөн. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде аяктайт. Шайлоо 28-майда болот.

БШКга талапкерлигин добушка коюу жөнүндө арыз бергендердин арасында саясатчылар жана коомдук ишмерлер Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев, Дамира Ниязалиева, Турсунбай Бакир уулу, Акин Токталиев жана башкалар бар.

Эске салсак, Ленин округунан шайланып келген ЖК депутаты Жаныбек Абиров кафедеги мушташтан улам депутаттык мандатын өз арызы менен тапшырып берген. Мындан улам ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Количество просмотров: 44