• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Активист Тилекмат Кудайберген уулу бир айга камалды

17 Жалган куран 2021 14:43 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Свердлов райондук соту активист Тилекмат Кудайберген уулунун бөгөт чарасын каралып, 1 айга абакка алынды. Жараянга журналисттер жана активисттин тарапташтары киргизилген жок.

Жеңиш Молдокматовдун айтымында соттун чечимине каршы арыз менен кайрылышат.

Иш жабык каралды. Сот имаратынын алдында анын бири нече тарапташы топтолуп, алар соттун жабык өтүшүн сынга алып, активист негизсиз кармалганын айтышууда. Аны бошотуу тууралуу чечим чыгарууга чакырып жатышты.

Кудайберген уулу 15-мартта Бишкекте кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Бишкектин ички иштер башкармалыгы ал Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренеси («Массалык баш аламандыктар») менен шектелип жатканын билдирген.

Количество просмотров: 101