• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Активист Тилекмат Кудайберген уулунун бөгөт чарасы жабык каралууда

17 Жалган куран 2021 11:41 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Свердлов райондук соту активист Тилекмат Кудайберген уулунун бөгөт чарасын кароого киришти. Жараянга журналисттер жана активисттин тарапташтары киргизилген жок.

Иш жабык каралууда. Сот имаратынын алдында анын бири нече тарапташы топтолуп, алар соттун жабык өтүшүн сынга алып, активист негизсиз кармалганын айтышууда. Аны бошотуу тууралуу чечим чыгарууга чакырып жатышат.

Учурда Тилекмат Кудайберген уулунун жактоочусу иш менен таанышуу үчүн саат 12:30га чейин убакыт алганын Жеңиш Молдокматов билдирди.

Кудайберген уулу 15-мартта Бишкекте кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Бишкектин ички иштер башкармалыгы ал Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренеси («Массалык баш аламандыктар») менен шектелип жатканын билдирген.

Количество просмотров: 72