• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Активист Тилекмат Кудайбергенов камакта калды

6 Чын куран 2021 10:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаардык сотунда жаңы Баш мыйзамга каршы чыккан жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновдун баш коргоо чарасы каралды. Сот имаратынын алдына активисттин жакындары менен тарапташтары чогулду.

Шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Активист 15-апрелге чейин камакта болот.

Эске салсак, 15-мартта Бишкекте милиция кызматкерлери жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновду кармап кетишкен. Ал Фейсбукта Тилекмат Куренов деп катталган. Кийинчерээк Бишкек шаардык милициясы ал социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүндө бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкка чакыруу белгилери бар деп шектелип, камакка алынганын билдирген. Анын жактоочулары Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан.

Количество просмотров: 87